Ошто “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы старт алды

Бүгүн, Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды.

Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

Белгилей кетсек бий фестивалына Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Связанный пост