Грузиянын Интерпол (Тбилиси) Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган жаран Э.М. (аял киши) кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаран Э.М. учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири- “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек […]Читать далее
Бүгүн, 15-декабрда «Локомотив» спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук уюму тарабынан чакырылган 40 ашуун бөбөктөр жана башка коноктор катышты. Салтанаттуу ачылышта концерттик номерлер менен бийчилер тобу, ал эми “Локомотив” комплексинин хоккеисттер тобу жана фигуристтери муз талаасында чакырылгандарга өз өнөрлөрүн […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен базар баасы 166 млн 320 миң сомду түзгөн “Достук” паркынын 1,11 га жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда орун алган “Достук” паркынын 1,11 га жер аянтына текшерүүгө чейин […]Читать далее
2022-жылга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 628,5 млн сом бюджеттик каражат болсо, 227,8 млн сом атайын эсептин каражаты. Бюджеттик каражаттын 628,5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат. Жалпысынан 2022-жылга […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан Баткен жана Ош облустарынын ишкерлеринин арасында салык салуунун актуалдуу маселелери, Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Семинар-кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери салык төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүлөрдүн категориялары, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын, […]Читать далее
Алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүлүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылган. Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата филиалынын “Кадастр” мамалекеттик мекемесинде “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Интернациональный айыл өкмөтүндө мурда мамлекет тарабынан бала бакчанын имараты курулуп, бирок ал айыл өкмөтүнүн балансында турбагандыгы, аталган имарат тийишүү документсиз жеке жарандар тарабынан иштетилип келгендиги аныкталган. […]Читать далее
16 күндүк “Коркпо! Токтот! Жаша!” акциясынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан республика боюнча коомчулуктун көңүлүн балдарга жана аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүнө бурууга багытталган акциялар, иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкөнүн 7 облусунун бардык райондорунда митингдер, жүрүштөр, тегерек столдор болуп, иш-чараларга облустардын администрацияларынын, айыл аймактарынын, укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгы адистерди кабыл алууну жарыялайт. Төмөнкү адистиктер боюнча бош орундар бар: ° Троллейбус айдоочу ° Жеңил унаа айдоочусу ° Катчы (секретарь) ° Электронщик ° Электр монтер ° Электрик ° Токарь ° Инженер ° Фрезировщик ° Энерго чарбанын жетекчиси Тажрыйбалуу жана кесипкөй кызматкерлер талап кылынат. Айлык келишим боюнча. Байланыш номери: 65-75-90 Дареги: Москва көчөсү […]Читать далее
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо […]Читать далее