Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан […]Читать далее
Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эм эркек балдарды жарыкка алып келди. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева билдирди. Анын маалыматына ылайык, ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген. Алардын үчөө тең эркек балдар. Ымыркайлар биринчиси 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы аялдамаларда техникалык туз үчүн атайын челектерди орнотуп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ар бир райондо 17 даана челектен орнотулат. Жумушка 8 жумушчу жана 4 бирдик атайын техника тартылган. Шаардын тазалыгын жана камсыз кылуу үчүн бүгүн линияда 632 тазалоочу, 212 жүктөгүч жана 93 атайын техника иштеп жатат.Читать далее
20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды. Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, тургундар, жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан музыкалык программа уюштурулду. Белгилей кетсек, бул жылдагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метр.Читать далее
Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен аяктайт. Майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдоодо. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт. Белгилей кетсек, жаңы жылдык фейерверк […]Читать далее
Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары жана сахналаштары катышууда. Азиз Мурадилаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам […]Читать далее
2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды: Беш күндүк иш жуманын графиги […]Читать далее
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында […]Читать далее
Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт […]Читать далее