Сокулукта почта кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты

 Сокулукта почта кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө алгандыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылышты.

Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.

Связанный пост