«Локомотив» муз аянтчасынын ачылышы болуп өттү

 «Локомотив» муз аянтчасынын ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 15-декабрда «Локомотив» спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук уюму тарабынан чакырылган 40 ашуун бөбөктөр жана башка коноктор катышты.

Салтанаттуу ачылышта концерттик номерлер менен бийчилер тобу, ал эми “Локомотив” комплексинин хоккеисттер тобу жана фигуристтери муз талаасында чакырылгандарга өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Муз аянтчасы тууралуу:

– иштөө убактысы: 10:00дөн 24:00 чейин;

– жалпы аянты 1122 кв. метр, бир эле учурда 150 адам болушу мүмкүн;

– 850дөн ашык көрүүчүлөр үчүн орундуктар бар;

– балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий, таэквондо, эркин күрөш жана башка секциялар ачык;

– спорт комплексинин негизги милдети – бардык каалоочу жарандардын, темир жол кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоону колдоо.

Муз аянтчасындагы баалар:

– чоңдор үчүн билет басы – 350 сом (60 мүнөт) коньки ижарасын кошкондо.

– балдар үчүн – 250 сом (14 жашка чейинкилер) коньки ижарасын кошкондо.

«Локомотив» СДЧКсынын дареги: Бишкек шаары, Осмонов көч., 1

Связанный пост