Сузакта 166 млн сомго бааланган парктын жери мамлекетке кайтарылды

 Сузакта 166 млн сомго бааланган парктын жери мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен базар баасы 166 млн 320 миң сомду түзгөн “Достук” паркынын 1,11 га жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда орун алган “Достук” паркынын 1,11 га жер аянтына текшерүүгө чейин эч кандай укук тастыктоочу иш кагаздары алынбастан, ээси жок калып, айыл өкмөттүн балансында жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Сузак айылынын борборунда жайгашкан “Достук” паркынын жери муниципалдык менчикке алуу үчүн келтирилген прокурордук актыны кароонун натыйжасында, көрсөтүлгөн жер аянты мунципалдык менчикке алынып, укук тастыктоочу иш кагаздары берилди.

Связанный пост