Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн “апийим” баңгизаты табылды

 Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын  үйүнөн “апийим”  баңгизаты табылды

Алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүлүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, “апийим” баңгизаты экендиги аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Связанный пост