Ысык-Ата районундагы бала-бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды

 Ысык-Ата районундагы бала-бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата филиалынын “Кадастр” мамалекеттик мекемесинде “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Интернациональный айыл өкмөтүндө мурда мамлекет тарабынан бала бакчанын имараты курулуп, бирок ал айыл өкмөтүнүн балансында турбагандыгы, аталган имарат тийишүү документсиз жеке жарандар тарабынан иштетилип келгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан мыйзам бузуучулукту четтетүү сунушу келтирилип, анын жыйынтыгы менен бала бакчанын имараты, ага тиешелүү жалпы аянты 4753м2 болгон жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга Интернационал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 11,0 млн сом наркына бааланып өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан катталып, жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик актысы ыйгарылды.

Связанный пост