Каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды

 Каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды

Грузиянын Интерпол (Тбилиси) Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган жаран Э.М. (аял киши) кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран Э.М. учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири- “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15 ашык филиалын ачкан (ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран Э.М. болгон).

Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1 283 000 АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары, жаран Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы 2019-жылы Россиядагы шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 % жогорку кирешени убадалаган. Россияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.

Связанный пост