Өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу үчүн $50 млн насыя алуу пландалууда

 Өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу үчүн $50 млн насыя алуу пландалууда

2022-жылга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 628,5 млн сом бюджеттик каражат болсо, 227,8 млн сом атайын эсептин каражаты. Бюджеттик каражаттын 628,5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат.

Жалпысынан 2022-жылга Экология министрлигине 856,3 млн сом (бюджеттик жана атайын эсептин каражаттары), ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 млн АКШ доллары (301,3 млн сом) өлчөмүндө каражат каралган.

Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар.

КРнын абанын сапатына жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк банк менен сапатты жакшыртуу долбооруна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Связанный пост