Быйыл, Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300миң даана гүл эгилет. Алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирет. Мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан билдиришкендей, ушул айдын аягында жоогазындарды аянттарга тигүү иши башталат. Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын идиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. […]Читать далее
Быйыл, 2023-жылы, жолдорду куруу, оңдоо, тазалоо жана транспорт-жол тармагына зарыл болгон башка 669 даана атайын техниканы сатып алабыз. Алардын бир бөлүгү май айында келет. Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. “Президент Садыр Жапаров кайсы гана тармак болбосун, керек болгон техникаларды жаңылоо тапшырмасын коюп, бул багытта иш кызуу жүрүп жатат. […]Читать далее
Кече 2023-жылдын 23-мартында (23.03.2023) бардык республика боюнча 199 түгөйлөрдүн мамилелери расмий түрдө каттоого алынышты. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү Бишкекте 104 түгөй, ал эми ордолуу Ош шаарында 8 нике расмий түрдө катталды. Бүгүнкү күндө, айрыкча жаштар арасында кооз даталар, күндөр, айлар же жылдардын сандары бири-бирине дал келген, окшош күндөрдү […]Читать далее
8-марттан күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Өлкө аймагында 8-марттан тартып, бүгүнкү 16 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 […]Читать далее
8-марттан тартып, күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын саны кескин азайууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет. Жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып, өлкө аймагында ылдамдыкты ашырып айдап, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коопту абал жараткан айдоочулардын саны 15 пайызга азайууда. Анын себеби, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга карата жоопкерчиликтин күчөтүлүшү, тагыраагы […]Читать далее
Жакында Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук […]Читать далее
Борбор калаада “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, Ахунбаев көчөсү 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейин, чуңкурларды оңдоо жолу менен кемчиликтерди жоюуда. Жол белгилерин белгилөөчү экипаж участоктордо иштейт: – Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейин; – Ч. Айтматов проспектиси, резиденциядан баштап, Жибек-Жопу проспектисине чейин; […]Читать далее
2023-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жазгы ным топтоо сугаттары башталды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кывзматы билдирди. 2023-жылдын 22-мартына карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына менен планда 246,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 28,9 миң гектар аянт сугарылып, план 12% аткарылган. Анын ичинен дан эгиндери […]Читать далее
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9 км бөлүгүндө (Ноокат району) жер жери менен жолду бак-дарактардан тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Азыркы тапта жолго шагыл материалын төгүү, тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле асфальттын эски катмарын сыйрып алып, жаңы катмар төшөөгө тезиздөө жана даярдоо өтүүдө. Белгилей кетсек, жолду кеңейтүү иштерин КР ТжКМне […]Читать далее
Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган. Мэрия таштандыларды челектерге салып, шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлооңуздарды өтүнөт.Читать далее