Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды

 Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина  тартылган.

Мэрия таштандыларды челектерге салып,  шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлооңуздарды өтүнөт.

Связанный пост