Бишкектин борборунда эс алуу жайы салынат

 Бишкектин борборунда эс алуу жайы салынат

Жакында Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук мейкиндиктин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот.

Ыңгайлуу болуш үчүн, коомдук даараткана,гүл сатуучу павильондор, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар жана бак-дарактар орнотулат. Коомдук транспорттун токтоочу жеринде түшүрүү пунктун жасоо пландалууда.

Учурда эски гезит күркөлөрү жана тосмолор демонтаждалууда.

Связанный пост