Жол курууга сатылып алынган техниканын бир бөлүгү Кыргызстанга майда келет

Быйыл, 2023-жылы, жолдорду куруу, оңдоо, тазалоо жана транспорт-жол тармагына зарыл болгон башка 669 даана атайын техниканы сатып алабыз. Алардын бир бөлүгү май айында келет. Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кайсы гана тармак болбосун, керек болгон техникаларды жаңылоо тапшырмасын коюп, бул багытта иш кызуу жүрүп жатат. Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгында мамлекеттин бюджетинен каржыланып техникалар алынган учурлар аз эле болгон, анда дагы аз сандагы техникалар. Транспорт министрлигинин балансында 1500дүн тегерегинде техника бар жана анын көпчүлүгү иштебейт. Пайдаланып жаткан атайын техникалардын айрымдары 1985-жылдары алынып, кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле өтүп кеткенине карабай улам оңдоп колдонуп келишет. Учурда мамлекеттин экономикасы оңолуп, жаңы техникаларды сатып алганга кубаты жетти. Бул жылга алына турган 669 техниканын 265 даанасы май айында Кыргызстанга келип, пайдаланууга берилет. Бул үчүн мамлекет 686 миллион сомдон ашык акча каражатын которуп берди. Керектүү техникаларды сатып алуу муну менен эле чектелбейт. Муктаждыкка жараша зарыл техникаларды сатып алууга мамлекеттин шарты бар”, дейт Д.Орунбеков.

Связанный пост