23.03.2023 өзгөчө датада Кыргызстанда199 нике катталды

 23.03.2023 өзгөчө датада Кыргызстанда199 нике катталды

Кече 2023-жылдын 23-мартында (23.03.2023) бардык республика боюнча 199 түгөйлөрдүн мамилелери расмий түрдө каттоого алынышты. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул күнү Бишкекте 104 түгөй, ал эми ордолуу Ош шаарында 8 нике расмий түрдө катталды. Бүгүнкү күндө, айрыкча жаштар арасында кооз даталар, күндөр, айлар же жылдардын сандары бири-бирине дал келген, окшош күндөрдү же бардык сүйүшкөндөрдүн күнүн тандоо тенденциясы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык никесин каттаган жаш түгөйлөрдү никенин катталашы менен куттуктап, бактылуу узун өмүр каалайт.

Связанный пост