2023-жылдын вегетациялык мезгилине карата жазгы ным топтоо сугаттары башталды

 2023-жылдын вегетациялык мезгилине карата жазгы ным топтоо сугаттары башталды

2023-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жазгы ным топтоо сугаттары башталды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кывзматы билдирди.

2023-жылдын 22-мартына карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына менен планда 246,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 28,9 миң гектар аянт сугарылып, план 12% аткарылган. Анын ичинен дан эгиндери – 2,5 миң га, көп жылдык чөп – 9,7 миң га, мөмө-жемиш бактары – 9,6 миң га, башка өсүмдүктөр – 7,1 миң га аянты сугарылган.

2023-жылдын 22-мартына карата түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 211,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 145 гидротехникалык курулмалардын, 44 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 3 суткалык жөнгө салуучу бассейндерин тазалоо, 24 насостук станциялардын, 22 насостук агрегаттардын оӊдоо иштери жүргүзүлдү.

2023-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка каналдардын оӊдоо, 696,8 км бетондоо жана механикалык тазалоо, 747 гидротехникалык курулмалардын, 309 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциянын, анын ичинде 199 насостук агрегаты оӊдоо, 59 насостук агрегатын жаӊылоо жана 1242 метр басым түтүктөрдү алмаштыруу, 13 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 284,5 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Связанный пост