Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандардын саны 41% азайды

 Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандардын саны 41% азайды

8-марттан күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө аймагында 8-марттан тартып, бүгүнкү 16 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган.

Анын себеби, мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда, авто унаасын токтотуп кою менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратулуусу себеп болууда.

Азыркы учурда жол эрежелеринин баардык түрү азайууда.

Связанный пост