Жалал-Абад шаарына 2023-жылы 300миң даана гүл эгилет

 Жалал-Абад шаарына 2023-жылы 300миң даана гүл эгилет
Быйыл, Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300миң даана гүл эгилет. Алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирет.
Мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан билдиришкендей, ушул айдын аягында жоогазындарды аянттарга тигүү иши башталат. Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын идиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. Алар аба ырайы турукташкан мезгилде шаар көчөлөрүнө, эс алуу бактарына,аянттарга жана мекеме-ишканалардын алдыларына отургузулат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен жалпы 4475 даан бак-дарактардын көчөтү тигилип, 8 миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң себилет.

Связанный пост