Ленин райондук ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар Департаменти менен биргеликте “Ош базары” жана “Берекет универсал” соода борборлорунун аймагында мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө департаменттин кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан 5 […]Читать далее
Өкмөт аянтындагы гүлзарлардын биринде жоогазын гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын сайтында маалымдалды. Аларды өткөн жылдын күз айында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күжүрмөн кызматкерлери отургузушкан. Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап кубандырат. Жоогазындар гүлдөп бүтөөрү менен, баштарын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузушат. Урматтуу шаар тургундары! Гүлдөргө, шаарга кам көрүп, сак […]Читать далее
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору Евлашков Дмитрий Владимирович менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Д.Орунбеков социалдык баракчасына жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө медиаталаасында өз ара аракеттенүү, ар кыл багыттагы темаларды чагылдырууну кызматташуу маселелери талкууланды. “Кесиптешибиз Дмитрий Владимирович ошону менен бирге бир катар маданий багыттагы конкреттүү сунуштарын берип, өз […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Свердлов районунун комиссиясы тарабынан 70 материал каралып, алардын ичинен 37 арыз боюнча оң чечим кабыл алынган, 3 материал кошумча кароо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн, 30 материал шаар куруу […]Читать далее
“Digital CASA-КР” долбоорунун алкагында байланыштын була-оптикалык линияларынын курулушу башталды
Бүгүн, 2023-жылдын 31-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында була-оптикалык байланыш линияларынын курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул демилге КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Digital CASA-КР” долбоорунун 1 компонентинин – “санариптик байланыштын региондук инфраструктурасын кеңейтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Компоненттин негизги натыйжалары төмөнкүлөр болот: 30 жаңы […]Читать далее
Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Объект менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышып, бул жайда Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти. Сейил […]Читать далее
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу, 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөөрүн маалымдайт. Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө. […]Читать далее
2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк: 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом 2022-жылы 4 млрд 879 […]Читать далее
Быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды. Таң эрте “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына секундасына 300 л. суу берилип сугарылууда. Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин, Юнусалиев көчөсү Донецк көчөсүнөн Ахунбаев жана Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин сугарылууда Белгилей кетсек, буга катар […]Читать далее
2023-жылдын 29-мартында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак калаасындагы жаңыланган шаардык парк салтанаттуу түрдө ачылды. Паркта жолдору оңдолуп, балдар аянтчасы, дарбаза, коомдук даараткана курулган. Сейилдөөчү жайдын аймагында видео байкоо тутуму иштемекчи. Калаанын паркы демилгелүү тургундардын, шаардык кеңеш, мэрия, аймактагы ишкерлер жана USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун алгылыктуу аракеттеринин аркасында жаңыртылды. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Өмүрбек Мамытов сейил бактын […]Читать далее