Көк-Жаңгакта шаардык парк жаңыланды

2023-жылдын 29-мартында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак калаасындагы жаңыланган шаардык парк салтанаттуу түрдө ачылды. Паркта жолдору оңдолуп, балдар аянтчасы, дарбаза, коомдук даараткана курулган. Сейилдөөчү жайдын аймагында видео байкоо тутуму иштемекчи.

Калаанын паркы демилгелүү тургундардын, шаардык кеңеш, мэрия, аймактагы ишкерлер жана USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун алгылыктуу аракеттеринин аркасында жаңыртылды.

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Өмүрбек Мамытов сейил бактын жаңылануусуна шаардыктардын жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун катышуусу чоң роль ойногонун белгиледи. «Көк-Жаңгак шаарынын администрациясы мындан ары да шаарыбызды таза жана ыңгайлуу кылуу үчүн шаардыктар менен биргеликте иш алып барат», – деди ал салтанаттын жүрүшүндө.

Эки жыл ичинде жергиликтүү демилгелүү топ паркты оңдоо үчүн жалпысынан 5,6 млн сомго чукул каражат чогулткан. Анын ичинде Жалал-Абад аймактык өнүктүрүү фонду бөлгөн 4 млн сом, шаардык кеңеш бөлгөн 260 миң сомдой каражат кирет. Жергиликтүү тургундар, жеке ишкерлер 134 миң сомдук курулуш материалдарын алышты.

Көк-Жаңгак шаарынын чок ортосундагы сейил багы көп жылдардан бери ээн турган. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жаңыртылып, жакшыртылган парк шаардын сыймыгы жана жергиликтүү коомчулуктун башын бириктирүүчү борборго айланды.

«Бул эки жылдык долбоор биздин топ үчүн жакшы тажрыйба болду. Эми мындай долбоорлор кандай жүзөгө ашырылып, тургундар жана бийлик менен кантип иш алпарып, кантип каражат топтоо керектигине көзүбүз жетип отурат», — дейт демилгелүү топтун лидери Марзия Асанова.

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоор адистери демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тийиштүү юридикалык консультация жана башка кеңеш берип турду. Мындан сырткары, долбоор 1,2 млн сомго 1,6 миң чарчы метр таш төшөлмө, селкинчек, сыртта машыгуучу жабдыктарды сатып алууга жардам берди.

«Бул жарандык коом, өкмөт жана ишкерлер өз жашоосун жакшыртуу үчүн кызматташуусунун эң мыкты мисалы. 2020-жылдан тарта USAIDдин колдоосу менен жигердүү жарандар 13 түрдүү демилгелерди ишке ашырышты. Келечекте дагы да көп болот деп ишенем», — дейт USAIDдин КРдагы директору Кайя Адамс.

Связанный пост