Өкмөт кичи сейил багында жоогазындар гүлдөдү

Өкмөт аянтындагы гүлзарлардын биринде жоогазын гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын сайтында маалымдалды.

Аларды өткөн жылдын күз айында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күжүрмөн кызматкерлери отургузушкан.

Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап кубандырат.

Жоогазындар  гүлдөп бүтөөрү менен, баштарын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузушат.

Урматтуу шаар тургундары! Гүлдөргө, шаарга кам көрүп, сак болуп, уурулук боюнча кичине эле шектенүү пайда болгон учурда милицияга кайрылыңыздар: 102.

Эске салсак, былтыр жазында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы Биринчи май районуна 62 миң түп жоогазын отургузган.

 

 

Связанный пост