Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы 4 күнгө өчүрүлөт

 Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы 4 күнгө өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу, 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөөрүн маалымдайт.

Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө.

«Түштүктрансгаз» филиалы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Связанный пост