Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы аллея реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Объект менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышып, бул жайда Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти.
Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Долбоорго ылайык, бул жерде балдар аянтчалары, спорттук жайлар курулуп, заманбап жарыктандыруу системалары жана жарандар эс алуучу орундуктар орнотулду. Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Связанный пост