Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерге каршы күрөш

 Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерге каршы күрөш

Ленин райондук ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар Департаменти менен биргеликте “Ош базары” жана “Берекет универсал” соода борборлорунун аймагында мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө департаменттин кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан 5 жаранга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 284-беренесинин 1-пунктуна ылайык айып салынды.

Мындан тышкары, ведомстволор аралык жумушчу топ «Берекет универсал» соода жана оюн-зоок борборунун администрациясы менен биргеликте мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатууга тыюу салуу боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул иш үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Связанный пост