“Digital CASA-КР” долбоорунун алкагында байланыштын була-оптикалык линияларынын курулушу башталды

Бүгүн, 2023-жылдын 31-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында була-оптикалык байланыш линияларынын курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул демилге КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Digital CASA-КР” долбоорунун 1 компонентинин – “санариптик байланыштын региондук инфраструктурасын кеңейтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Компоненттин негизги натыйжалары төмөнкүлөр болот: 30 жаңы магистралдык түйүндөргө ээ болгон була-оптикалык магистралдык тармак, ошондой эле 212 түйүндөн турган бөлүштүрүү тармагы, бардык туташтырылбаган калктуу пункттарга кирүү чекити катары арналган эки жаңы чек ара байланышы жана 4000ге чейин мамлекеттик мекемелерге кең тилкелүү Интернет менен камсыз кылынат.

Расмий ачылышка КР Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, “Кыргызтелеком” ААК башкы директору Нурлан Мадаминов жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу DCASA Долбоорун жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн директору Казбек Тоголоков катышышты.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Президент Садыр Жапаров тарабынан өлкөбүздүн аймактарын өнүктүрүүгө, айрыкча, республиканын алыскы аймактарындагы байланыш тутуму менен интернеттин жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгилеп, муну менен бирге ал өлкөнүн алыскы райондорунда Интернеттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи. “Була-оптикалык байланыш линияларын куруу боюнча иштерди баштоо-бул санариптик экономика үчүн керектүү транспорттук инфраструктураны түзүүдөгү маанилүү кадам. Бул долбоор аркылуу биздин жарандар жаңы технологияларга, ал эми компаниялар жана ишкерлер – өз бизнесин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна ишенебиз”, – деп белгиледи Талантбек Иманов.

Талантбек Иманов белгилегендей, долбоордун максаты жеке инвестицияларды тартуу менен катар өлкө боюнча Интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана анын сапатын жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле региондук интеграцияланган санариптик инфраструктураны жана жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүүгө салымын камсыз кылуу аркылуу санариптик мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө мамлекеттин потенциалын жогорулатуу. Мындан тышкары, коңшу өлкөлөр менен 2 жаңы трансчегаралык байланыштарды уюштуруу аркылуу долбоор Кыргызстандын Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен мындан аркы санариптик интеграциясына дем берет.

Була-оптикалык байланыш линияларынын инфраструктурасынын курулушун ишке ашыруу Дүйнөлүк банктын конкурстук жол-жоболоруна ылайык тандалып алынган “Кыргызтелеком” ААК Консорциуму жана “Элкат” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт. Консорциумдун лидери ААК “Кыргызтелеком”болуп саналат.

“Digital CASA-КР” долбоору КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Связанный пост