Сох – Кан – Зардалы жолу кум-шагылдан тазаланып, каттам ачылды

 Сох – Кан – Зардалы жолу кум-шагылдан тазаланып, каттам ачылды

Сох – Кан – Зардалы жолу кум-шагылдан тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу КРнын ӨКМ пресс-борбору билдирди.

Баткен районунда 10-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор тартылып, натыйжада саат 09:00дө унаа жол толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылган.

 

Связанный пост