Туризм департаменти Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө катышты

Туризм департаменти Үрүмчү шаарындагы Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты.

Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты.

Расмий жолугушууда Туризм департаменти Кытай Эл Республикасынын Синьцзян туризм ассоциациясына жана СУАР маданият, туризм департаментине көргөзмөнү уюштурууга жана ага катышууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле, бул эл аралык көргөзмөгө катышуу – туристтик бизнести колдоонун эң натыйжалуу жолу жана делегациянын иш-чараларга расмий катышуусу эки тараптуу туруктуу өнүгүүнү талкуулоо жана биздин өлкөлөр ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылаарын белгиледи.

Эл аралык көргөзмөгө Кытай Эл Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген туристтик компаниялар катышты.

Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын павильону келген коноктор арасында абдан кызыгуу жаратты. Кыргыз тараптын өкүлдөрү туристтик дараметти жигердүү көрсөтүүдө, ошондой эле, мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды түзүүдө.

СУАР туризм ассоциациясы Борбор Азия боюнча айкалышкан турларды иштеп чыгуу боюнча иш алып баруу боюнча каалоосун каалагандыгын билдирди.

Связанный пост