Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Таллин (Эстония) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мында ар бир тарап презентация форматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик системаларды […]Читать далее
Өлкөдө айыл чарба малдарды идентификациялоо уланууда. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды. 2023– жылдын I – кварталына карата республика боюнча 143,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 0,8 миң баш чочко, 542,1 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынууда. Мурун асыл-тукум кой-эчки чарбаларын идентификациядан өткөрүп келген болсок, 2023–жылы республика […]Читать далее
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темил жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган. Иш-чара […]Читать далее
Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну талкуулашты. Өз сөзүндө М.Исаев мэрдин жана жалпы шаар тургундарынын атынан ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле ушул жылы бекитилген Ош шаарынын 2023-2026-жылдарга […]Читать далее
Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борборунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ кезектеги жыйын өткөрдү жана жеке ишкерлерди салыктык каттоо жол-жоболору менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүзүндө сарпталган убакытты эске алуу менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алганга чейин жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо боюнча бардык процессин […]Читать далее
Куткаруучулар өспүрүмдү издөө иштерин улантууда. КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр а/а Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө. Белгилей […]Читать далее
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Бишкек башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери 1,7 миңге жакын 9-класстын окуучулары 25 Борбордук мектепте кесиптик багыт алуу боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Тестирлөө комиссиянын “ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын базасында ачылган кесиптик багыт берүү борборунда өткөрүлөт. Тестирлөө келечекте кайсы […]Читать далее
Чүй районунун жана Токмок шаарынын мектептеринин 841 бүтүрүүчүсү жыл башынан бери кесиптик багыт алуу боюнча консультациялардан өтүштү. Бул тууралуу Чүй район аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти. Консультациялардын жүрүшүндө окуучулар жеке жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жана аларды кесиптик чөйрөнүн талаптары менен салыштырууга мүмкүндүк берген кызыкчылыктардын навигаторунан өтүштү. Башкача айтканда, тест өспүрүмгө кандай иш-чаралар ылайыктуу экендигин […]Читать далее
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгесине ылайык, КР Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында берилген квотанын негизинде 105 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды. Аталган долбоордун алкагында Ак-Талаа району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө чакан ишкердик кылуу боюнча долбоор жазып, бардыгы комиссиянын […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын жана Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин катышууларында өттү. Жылдыз Полотованын айтымында, бул активдүү чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана жакырчылыктан чыгууга багытталган. «Өткөн жылы социалдык контракт сыяктуу активдүү чаралардын аркасында биз […]Читать далее