Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү

Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды.

Жеке ишкер Билал Идинов, бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүргөн. Ал жерге суу кампасын куруп, алма, өрүк, шабдаалы, павлония, жаңгак, бадам сыяктуу 11 көчөттүн түрүн отургузган. Ишкер жерди айыл өкмөтүнөн ижарага алып, жалпы 58миң көчөт тиккен. Учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон.

Ишкер бул бактан жылына 50млн сомго чейин киреше алса болоорун айтат. Ал өткөн жылы 2 тонна алгачкы түшүмүн алган.

Облус башчысы “Баткен облусу агрардык аймак болгондуктан, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Жеке ишкерлердин минтип сууну максаттуу пайдалануу ыкмасын жайылтып жатканы, бул тармактын өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот” деп белгилейт.

Связанный пост