2023-жылдын 8-майында Бишкек шаарынын Боордоштор көрүстөнүндө 1941-1945-ж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эскерүү иш-чарасында Коргоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү катышты. Митинг-реквиемдин катышуучулары Улуу Ата-Мекендик согушта салгылашууда курман болгон […]Читать далее
2023-жылдын 7-майында «Эскерүү оту» эл аралык акциясынын алкагында Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы, аскер кызматынын ардагерлери, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери, Кыргызстандагы Роскызматташтыктын, Россия Федерациясынын аскердик-дипломаттык корпусунун, волонтердук жана издөө кыймылдарынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундардын катышуусунда Бишкек шаарынын «Баатырлар Аллеясы» мемориалдык паркында Москва шаарындагы белгисиз жоокердин эстелигинен алынып келинген өчпөс оттун […]Читать далее
Бишкек шаарында 2023-жылдын 7-майынан тартып «Эстелик Вахтасы» акциясы өтүп жатат. Акцияга борбор калаабыздагы орто мектептердин окуучулары жана аскердик-патриоттук клубдар катышып, Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанындагы постто кызмат кылууда. Окуучулар постту 9-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет. Акция Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан «Биздин Жеңиш – Наша Победа» издөө кыймылы менен […]Читать далее
Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” эл аралык эстафетасынын алкагында Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Аны жагууга Улуу Ата Мендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев, Бүткүл орусиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү теле-алып баруучу Юлия Барановская, теле-алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева катышты. Иш-чарага ошондой эле, Ош шаарынын мэринин орун басары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин Конституция күнү жана Кыргызстандын биринчи Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Конституция күнү жана Кыргызстандын биринчи Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайм. Конституция – бул биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн негизи, көз карандысыздыгыбыздын символу жана эркиндигибиздин кепилдиги. Ал […]Читать далее
Бишкек шаарында “SunRent” электр самокаттарын ижарага берүү боюнча сервисинин токтотмо үчүн белгилери биринчи жолу түшүрүлдү. Белгилер инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот, электр самокаттарын колдонууну аяктоо процессин жөнөкөйлөтүү жана аны шаардыктар үчүн дагы ыңгайлуу кылуу максатында түшүрүлдү. Тиркемеден кызгылт сары “Р” тамгасы менен белгиленген токтоттуу жерин таап, андан соң асфальтка түшүрүлгөн белгиге ылайык токтотсо болот. Виртуалдык токтотмо […]Читать далее
Бүгүн, 3-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабияты институту, Кыргыз Улуттук Манас театры, «Дастанчы» коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Кыргыз элинин кенже эпостору: энсклопедиялык жыйнак”, “манасчылар” (кыргыз, орус, англис тилдеринде) китептеринин жана кенже эпостор боюнча аткаруучулар тарабынан жаздырылган аудиодисктердин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы […]Читать далее
Талас шаарынын аймагындагы көрнөк-жарнактардын, кулактандыруу, прейскуранттардын Кыргыз Республикасынын 202I-2025-жылдардагы мамлекеттик тилди өркүндөтүү программасына ылайыкталып, эстетикалык нормага келишин көзөмөлдөө жана эски банерлерди, көрнөк жарнактарды алдыруу максатында рейд уюштурулуп, мэрдин орун басары Мира Сейдикеримова баштаган тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия базардагы, вокзалдагы соода түйүндөрүн, сулуулук салондорун, тамактануу жайларын кыдырып, талапка ылайык келбеген көрнөктөрдү алдырып, ишкерлерге эскертүү […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 10-майдан 13-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет. КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин […]Читать далее
Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар 2023-жылдын бюджетин кабыл алышты. Бюджетти кабыл алууга катышкан 33 депутат добуш берди. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 18 миллиард 390 миллион сомду түзөт.Читать далее