Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

 Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 10-майдан 13-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Связанный пост