Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

2023-жылдын 8-майында Бишкек шаарынын Боордоштор көрүстөнүндө 1941-1945-ж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерүү иш-чарасында Коргоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Митинг-реквиемдин катышуучулары Улуу Ата-Мекендик согушта салгылашууда курман болгон жоокер-куткаруучунун эстелигине гүл коюп, баатырлардын элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Связанный пост