Борбор калаада электр самокаттары үчүн виртуалдык токтотмолор пайда болду

 Борбор калаада электр самокаттары үчүн виртуалдык токтотмолор пайда болду

Бишкек шаарында “SunRent” электр самокаттарын ижарага берүү боюнча сервисинин токтотмо үчүн белгилери биринчи жолу түшүрүлдү.

Белгилер инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот, электр самокаттарын колдонууну аяктоо процессин жөнөкөйлөтүү жана аны шаардыктар үчүн дагы ыңгайлуу кылуу максатында түшүрүлдү.

Тиркемеден кызгылт сары “Р” тамгасы менен белгиленген токтоттуу жерин таап, андан соң асфальтка түшүрүлгөн белгиге ылайык токтотсо болот.

Виртуалдык токтотмо менен колдонууну  аяктаган аймактардын саны көбөйөт.

“SunRent” компаниясынын Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине караштуу “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасы менен келишим түзүлгөн.

Биз шаардыктарды электр самокаттарын жоопкерчиликтүү пайдаланууга, токтотмолордун эрежелерин сактоого, шаардын көчөлөрүндө тартипке жана жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер  же электр самокаттарын колдонуучулар болобу, бардык жол кыймылынын катышуучуларынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун сактоого чакырабыз.

Связанный пост