Бишкекте 7-майдан тартып «Эстелик Вахтасы» акциясы өтүп жатат

Бишкек шаарында 2023-жылдын 7-майынан тартып «Эстелик Вахтасы» акциясы өтүп жатат. Акцияга борбор калаабыздагы орто мектептердин окуучулары жана аскердик-патриоттук клубдар катышып, Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанындагы постто кызмат кылууда. Окуучулар постту 9-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет.

Акция Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан «Биздин Жеңиш – Наша Победа» издөө кыймылы менен биргеликте өтүүдө.

Иш чаранын максаты – жаштарды аскердик-патриоттукка тарбиялоо жана 1941-1945 жылдары Уулу Ата-Мекендик согушта каза болгон жоокерлерлердин элесин түбөлүккө сактоо болуп саналат.

Связанный пост