Ош шаарында “Өчпөс от” жандырылды

 Ош шаарында “Өчпөс от” жандырылды

Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” эл аралык эстафетасынын алкагында Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү.

Аны жагууга Улуу Ата Мендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев, Бүткүл орусиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү теле-алып баруучу Юлия Барановская, теле-алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева катышты.

Иш-чарага ошондой эле, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев, Кыргыз Республикасындагы орус кызматташтыгынын өкүлү Альберт Зульхарнеев, Оштогу Орус үйүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, Ооган жана Баткен окуясынын ардагерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы коомдук, билим берүү, спорт жана башка уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.

Иш-чаранын алкагында жыйын-реквием өтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев мемориалдык комплекстеги Өчпөс отту күйгүздү.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаар башчысы Бакытбек Жетигеновдун жана жеке өзүнүн атынан Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү акциясы өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Соңунда Түбөлүк оттун бөлүкчөлөрү өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилип, Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган майрамдык музыкалык программа тартууланды.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган “Эстелик оту” акциясы алгачкы жолу 2022-жылы өткөн.

Белгилей кетсек, белгисиз жоокердин Москвадагы мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү быйыл биринчи жолу Ош шаарына түз алып келинди.

Аны Ошко Бүткүл орусиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле-алып баруучу Юлия Барановская ( Биринчи каналдагы “Мужское / Женское” программасы), теле-алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева (НТВ телеканалында “Биз жана илим” автордук программасынын алып баруучусу) жеткиришти.

Связанный пост