7 томдук «Манасчылар» жыйнагы жарык көрдү  

Бүгүн, 3-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабияты институту, Кыргыз Улуттук Манас театры, «Дастанчы» коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Кыргыз элинин кенже эпостору: энсклопедиялык жыйнак”, “манасчылар” (кыргыз, орус, англис тилдеринде) китептеринин жана кенже эпостор боюнча аткаруучулар тарабынан жаздырылган аудиодисктердин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Канат Абдрахматов, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Дарика Жалгасынова, Түгөлбай Казаков, Назаркул Сейдракманов, Табылды Актанов, Нуржамал Табалдиева, Роза Аманова, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучу-акындары Мелис Абакиров, Тазагүл Закирова, Карбалас Бакиров, академиктер, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, залкар манасчылардын үй бүлөлөрү, коомдук ишмерлер, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чыгармачыл жамааты, “Дастанчы” коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмабетов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев жарык көргөн жаңы энсклопедиялык жыйнактын түзүүчүлөрү тарыхый мааниси бар чоң иш жасашканын баса белгилешип, аларга ыраазычылыктарын билдиришти.

“Манасчылар” китебинде XVIII-XX кылымдарда элибизден чыккан таланттуу өнөр ээлери – манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу изилдөөлөр камтылып, 7 том болуп кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн.

Китептин мазмунун улуу муундагы манасчылар Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Каралай уулу ж.б. классикалык манасчылардан тартып Шаабай Азиз уулу, Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиевге чейинки манасчылардын өмүрү-таржымалы жана чыгармачылык жолу боюнча изилдөөлөр камтылган.

Связанный пост