Таласта көрнөк-жарнактар иретке келтирилди

Талас шаарынын аймагындагы көрнөк-жарнактардын, кулактандыруу, прейскуранттардын Кыргыз Республикасынын 202I-2025-жылдардагы мамлекеттик тилди өркүндөтүү программасына ылайыкталып, эстетикалык нормага келишин көзөмөлдөө жана эски банерлерди, көрнөк жарнактарды алдыруу максатында рейд уюштурулуп, мэрдин орун басары Мира Сейдикеримова баштаган тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия базардагы, вокзалдагы соода түйүндөрүн, сулуулук салондорун, тамактануу жайларын кыдырып, талапка ылайык келбеген көрнөктөрдү алдырып, ишкерлерге эскертүү берип, түшундүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейдде шаардын көркүн бузган самтыраган эски көрнөктөр көбөйүп, жалаң орусча же англисче, арабча жазылган түшүнүксүз жарнамалык манайдагы баннерлердин көбөйгөнү байкалды. Комиссия мүчөлөрү 9-май Улуу Жеңиш майрамына чейин көрнөктөрду жаңыртылышын ишкерлерге милдеттендирип, көөнөргөн эски, тытылган баннерлер жеринде алынды. Көрнөк жарнактарды ирээтке келтирүү боюнча рейдде май айынын ичинде уланмакчы.

Связанный пост