Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулуш долбоору менен таанышты. Анын алкагында калаа башчысы техникалык кеңешме өткөрдү. Аны менен катар долбоор боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилеринен тийиштүү маалыматтар алынды. Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда долбоорду даярдоо иштери аяктап, тиешелүү долбоордук-сметалык документтери бүтүп, […]Читать далее
Биринчи май районунун аймагындагы көрктөндүрүүнүн алкагында мыйзамсыз соода күркөлөрүн демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Борбордун темир жол вокзалына жакын жердеги мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынууда. Бул жерде жаңы скверди куруу, эски имаратты калыбына келтирүү пландалууда. Жаңы жашыл аймактын долбоору “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгууда. Мындан тышкары Токтогул көчөсүндөгү №98 үйдүн […]Читать далее
Кыргыз Ресупбликасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында жана архитектура-курулуш тармагында башкаруу механизмдерин киргизүү программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2022-жылдын сентябрь айынан тартып азыркы учурга чейин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу курулуп жаткан социалдык объекттерге видео-байкоону орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Жүргүзүлгөн иштердин […]Читать далее
Ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы 2023-жылдын 16-майынан тартып, Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу «МЭА» АККнун басма сөз кызматы билдирди. Учуулар жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Буга чейин жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттап турган.Читать далее
Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Abu Dhabi Future Energy Company PJSC – Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өкүлдөрү Өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана Инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диастын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы […]Читать далее
1993-жылдын 10-майында улуттук валюта – сом жүгүртүүгө киргизилген. Ал өлкөнүн бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражатына айланган. Мындай кадам көз карандысыз мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн. Улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү өлкөбүздүн экономикалык саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө негиз болгон. Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө […]Читать далее
Борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт. Сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
2023-жылдын 9-майында Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында 1941-1945-ж.Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, согуштун жана ооруктун ардагерлери, министрликтердин жана ведомстволорунун жетекчилери, чет өлкөлөрдүн аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Митинг-реквиемдин катышуучулары «Өчпөс отко» гүл коюшуп, Улуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 98 жаштагы ардагери Касымбай Жолдошовго барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Ал ардагерге Мамлекет башчысынын атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөм, ошондой эле майрамдык белектерди жана таттууларды тапшырды. Өз кезегинде Касымбай Жолдошев көңүл […]Читать далее