Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк Тобунун жаңы Президенти Аджай Банга менен жолукту, ал ушул жылдын 1-июлунда кызматка киришет. Талкуулар Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан долбоорлоруна, ошондой эле туруксуздук […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 15-апрель күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү. Салтанаттуу иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым […]Читать далее
DLG Holding GmbH жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы 2023-жылы Ысык-Көлдө Европа жана Кытайдан келген эксперттерди тартуу менен бизнес-форум өткөрүүнү макулдашты. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Франкфурт-на-Майне шаарында DLG Holding GmbH компаниясынын башкы директору Фрейя фон Цеттриц менен жолугушуп, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жыйындын негизги маселеси 2023-жылы […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө. Быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт. Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборуЧитать далее
Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. “Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң”, – деп билдирди Президент. Садыр Жапаров балбандарды, Азия чемпионатында […]Читать далее
2023-жылдын 14-апрелине карата 317 миң 258 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 287 миң 128и электрондук түрдө берген. Бул тууралуу КРнын Мамалекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Тапшыргандардын ичинен 49 миң 258 юридикалык жак, 82 миң 779 жеке ишкер, 123 миң 308 жеке жак, ошондой эле 61 миң 940 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы. […]Читать далее
Нарын облусуна иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын аэропортунун курулуп жаткан жолдорун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме жетекчиси билдиргендей, жарандардын ыңгайы үчүн ички аба каттамдарын жандантуу менен облус аралык унаа каттамдардын да жүгүн жеңилдейт. Белгилей кетсек, Президент Садыр […]Читать далее
Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын, Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реаблитациялоо иштери жүрүүдө. “Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо […]Читать далее
Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ферас бассейнинен А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аймакта жайгашкан жашыл зонаны реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Белгилей кетсек, АРИС программасынын алкагында жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аталган аймакты реконструкциялоо боюнча долбоор түзүлгөн. Ага ылайык, тротуарлар, оргумалар, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында электрондук документ жүгүртүү тутумун толук ишке киргизүүнүн аркасында республикалык бюджетке үнөмдөө төмөндөгүлөрдү түздү: 1. 2022-жылы – 322 млн сом; 2. 2023-жылы – 382 млн. Мындан тышкары, документтерди электрондук түрдө иштетүү кагаз түрүндөгү иштетүүгө салыштырмалуу бардык кызматкерлер үчүн 1 документке жалпысынан 30 мүнөткө чейин үнөмдөйт (анын ичинде сканерлөө, көчүрүү, басып чыгаруу жана […]Читать далее