МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк банк Тобунун жаңы Президенти Аджай Банга менен жолукту

 МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк банк Тобунун жаңы Президенти Аджай Банга менен жолукту

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк Тобунун жаңы Президенти Аджай Банга менен жолукту, ал ушул жылдын 1-июлунда кызматка киришет.

Талкуулар Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан долбоорлоруна, ошондой эле туруксуздук өкүм сүргөн дүйнөдө канткенде климаттын өзгөрүшүнө каршы максаттарга жетүүгө боло тургандыгына басым жасады.

МинКаб Төрагасы өлкөнүн энергетикалык потенциалын Министрлер Кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыты деп атады. Атап айтканда, МинКаб  Башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин масштабдуу курулушун ишке ашырууга басым жасады.

«Долбоор аймактык мааниге ээ: энергия генератору, сактоочу жай жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн суу булагы катары. Биринчиден, бул «жашыл» долбоор», – деп белгилеген Акылбек Жапаров жана Аджай Банганы Кыргыз Республикасына келип, «ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлор менен жеке таанышууга чакырды».

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дүйнөлүк банктын жетекчилигин  «Климаттык – аялуу өнүгүп келе жаткан карызкор-өлкөлөр» жумушчу аталышында тышкы карызды жашыл жана климаттык долбоорлорго алмаштыруу демилгесинин локомотиви жана лидери катары чыгууга чакырды.

«Мындай механизм өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, бир жагынан, жашыл жана климатка туруктуулук боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан, туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Банк менен Эл аралык валюта фондунун бул маселеде буга чейин окшош тажрыйбасы бар. Карызды «жашыл» же «климаттык» бошотуу механизми буга чейин бөлүнгөн тышкы ресурстарга олуттуу жардам болмок», – деди ал.

Өз кезегинде Аджай Банга Дүйнөлүк банк тобунун  стратегиялык пландары жана артыкчылыктары, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча өзүнүн пландары жана ойлору менен бөлүштү жана Банк «бул маанилүү маселенин ар түрдүүлүгүн дайыма өз көңүл борборунда кармай турганын» белгиледи.

Аджай Банга ошондой эле тышкы карызды жашыл жана климаттык долбоорлорго алмаштыруу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан сунушталган демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп, Дүйнөлүк банк аны кылдаттык менен карап чыгаарын белгиледи.

 

Маалымат үчүн

Аджай Банга – Индиядан чыккан америкалык бизнесмен, АКШнын Президенти Джо Байден Дүйнөлүк банктын Президенттигине көрсөткөн.

Белгилүү болгондой, Аджай Банга «Mastercard Inc» трансулуттук каржы корпорациясынан 2021-жылы кеткен, ал эл аралык төлөм системасынын директору болуп 10 жылдан ашуун иштеген.

Америкалык «The Wall Street Journal» бизнес гезитинин маалыматына караганда, анын жетекчилиги алдында компания рыноктук капиталдаштыруунун наркын 13 эсе жогорулатууга жетишкен.

Связанный пост