Электрондук документ жүгүртүү былтыр 322 млн сом экономдогонго мүмкүчүлүк берди

 Электрондук документ жүгүртүү былтыр 322 млн сом экономдогонго мүмкүчүлүк берди

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында электрондук документ жүгүртүү тутумун толук ишке киргизүүнүн аркасында республикалык бюджетке үнөмдөө төмөндөгүлөрдү түздү:

1. 2022-жылы – 322 млн сом;

2. 2023-жылы – 382 млн.

Мындан тышкары, документтерди электрондук түрдө иштетүү кагаз түрүндөгү иштетүүгө салыштырмалуу бардык кызматкерлер үчүн 1 документке жалпысынан 30 мүнөткө чейин үнөмдөйт (анын ичинде сканерлөө, көчүрүү, басып чыгаруу жана тең аткаруучуларга көчүрмөлөрдү таратуу, жөнөтүү, кол коюуну күтүү ж.б.).

2022-жылдын маалыматтары боюнча 3,6 миллион электрондук документ 1,8 миллион кызматкер саатына чейин үнөмдөйт.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы электрондук документ жүгүртүүдөгү 3,6 миллион документ 36,5 миң таңгак кагазга барабар болуп, анын баасы 14 миллион сомду түзөт.

Связанный пост