Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

 Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды  куттуктады.

“Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң”, – деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров балбандарды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди.

“Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм!”, – деп билдирди Президент.

Связанный пост