Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты

 Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты

Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын,  Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реаблитациялоо иштери жүрүүдө.

“Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо жумуштары  жүрүп жатат. Бул объекте жумуш аяктагандан кийин  мындагы  50%ды түзгөн суунун жоготуусун кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми ХХII-Партсъезд каналынын толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, суунун жоготуусун алдын алуу үчүн бир чакырым аралыкты бетондоого 15 млн сом керектелет.  Мындан тышкары, жалпы сметалык баасы 15 млн сомду түзгөн, узундугу 4830 метр Барпы каналын реаблитациялоо үчүн керектүү каражат табууда маселе бар.

Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ирригациялык объектилерди реаблитациялоодогу сметалык баасын кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле аларды облустук жана райондук өнүктүрүү фонддордон каржылоо сунушталып, кошумча каражат республикалык бюджеттен берилээри айтылды.

Связанный пост