«РИОМ-Авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан КР ИИМ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк берүү жана алмаштыруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу КРнын ИИМнин “Унаа” ММнин басма-сөз кызматы билдирди. Жарандардын ыңгайлуулугу жана калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу кызматы иштеп жатат. […]Читать далее
Жүк ташуучу унаа чиркегичтерине стандартка ылайык жаңы номердик белгилер даярдалып чыгат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин «Унаа» ММнин басма-сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын аймагында узундугу 280, туурасы 200 болгон жүк ташуучу чиркегичтерге мамлекеттик номерлердин стандарты бар, бирок жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери бекиткичтерин өзгөртүүгө же мамлекеттик номурун бүгүүгө аргасыз болот, бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык мыйзам […]Читать далее
Акыркы мезгилде социалдык тармактар аркылуу жарандардын кылмыштар жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлары көбөйүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жаткандыгы кызуу талкууга аланып, ар кандай пикирлерди жаратууда. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги расмий билдирет. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып, видеого тартылган. Жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай […]Читать далее
«Чүйгаз» газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин «Кара-Балта» газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Ушуга байланыштуу, Кара-Балта шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. «Чүйгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.Читать далее
Өзгөн району боюнча аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Дагы апрель айынын аягына чейин жалпысынан 535 сертификат тапшырылат. Иш-чарага вице-спикер Жамиля Исаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Төлөнов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты. “Биздин өлкөнүн аялдарынын 65%ы – айыл жергесинде турушат. Алардын ар бири айыл чарбасында же […]Читать далее
Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу менен таанышты. Курулушу 2022-жылдын август айында башталган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин жалпы жумуштарынын 70% аягына чыгарылды. Кубаттуулугу 6,7 мегаватты түзгөн гидроэлектр станциянын башкы курулмасы, суу жеткире турган 2600 метрди түзгөн каналы салынып бүттү. Алдыда ГЭСтин […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3.5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль жеңди (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло). Эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль жеңди. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 кг […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. 14-апрель күнү “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) «Азык-түлүк коопсуздугунун коркунучуна жооп берүүдөн азык-түлүк системасын өзгөртүүгө өтүү» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы азык-түлүк кризисине каршы аракеттенүү схемасынан проактивдүү, көп кырдуу азык-түлүк […]Читать далее