Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

 Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост