Минкаб Төрагасы Вашингтондо өткөн дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек столдо сүйлөдү

 Минкаб Төрагасы Вашингтондо өткөн дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек столдо сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) «Азык-түлүк коопсуздугунун коркунучуна жооп берүүдөн азык-түлүк системасын өзгөртүүгө өтүү» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы азык-түлүк кризисине каршы аракеттенүү схемасынан проактивдүү, көп кырдуу азык-түлүк туруктуулугун башкарууга өтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле «өлкөлөрдүн азык-түлүк туруктуулугун бекемдөөгө тийиш» деген эки багытты сунуштады.

«Биринчиден, дүйнөлүк экономикалык коомчулук эркин сооданын жана товарлардын эркин жүрүүсүнүн жалпыга белгилүү принцибин карманышы керек. Соодадагы учурдагы тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктар, чек аранын ачыктыгы, жабыктыгы жана импорт/экспорттун тыюу салуулары чакан өлкөлөргө терс таасирин тийгизүүдө. Эгер ушундай кичинекей өлкөлөр эреже менен ойноп, башкалар эреже менен ойнобосо, биз абдан кыйналып калышыбыз мүмкүн. Экинчиден, ачык рынокто атаандаштыкка туруштук бере алуу жана ар кандай учурдагы жана жаңы кризистерге туруштук берүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр биздин айыл чарба жана азык-түлүк системабызды трансформациялоосу зарыл», – деди ал.

Кыргыз Республикасындагы азык-тулук менен камсыз кылуу маселелерине токтолгон Министрлер Кабинетинин Башчысы республиканын беш жылдыктын ичинде азык-түлүк менен толук камсыз кылуу пландары жөнүндө айтты.

«Бул үчүн өлкөдө бир эле учурда мамлекеттик саясаттын бир нече багыттары тартылган: социалдык коргоо жана социалдык өнүктүрүү системасы, айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана бюджеттик саясат», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, тегерек столго ири аралык уюмдар, эки тараптуу донорлор (G7 өлкөлөрү), бейөкмөт сектор жана илимий мекемелер, ошондой эле расмий делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Связанный пост