Кара-Балта шаарында 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлдү

 Кара-Балта шаарында 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлдү

«Чүйгаз» газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин «Кара-Балта» газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, Кара-Балта шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Чүйгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Связанный пост