Жүк ташуучу унаа чиркегичтерине стандартка ылайык жаңы номердик белгилер даярдалып чыгат

 Жүк ташуучу унаа чиркегичтерине стандартка ылайык жаңы номердик белгилер даярдалып чыгат

Жүк ташуучу унаа чиркегичтерине стандартка ылайык жаңы номердик белгилер даярдалып чыгат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин «Унаа» ММнин басма-сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын аймагында узундугу 280, туурасы 200 болгон жүк ташуучу чиркегичтерге мамлекеттик номерлердин стандарты бар, бирок жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери бекиткичтерин өзгөртүүгө же мамлекеттик номурун бүгүүгө аргасыз болот, бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык мыйзам бузуу болуп саналат.

Буга байланыштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан  Улуттук стандартка ылайык келтирүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген.

Эми жаңы иштелип чыккан стандартка ылайык, узундугу 520 мм жана бийиктиги 112 мм болгон номердик белгилер даярдалып чыгат.

2023-жылдын 17-апрелинен тарта жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери жүк ташуучу чиркегичтердин номерлерин жаңысына алмаштыруу арызы менен «Унаа» ММнин каалаган аймактык бөлүмүнө кайрыла алышат.

Связанный пост