«РИОМ-Авто» унаа базарында «Унаа» мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк берүү жана алмаштыруу кызматы ишке кирди

 «РИОМ-Авто» унаа базарында «Унаа» мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк берүү жана алмаштыруу кызматы ишке кирди

«РИОМ-Авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан КР ИИМ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк берүү жана алмаштыруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу КРнын ИИМнин “Унаа” ММнин басма-сөз кызматы билдирди.

Жарандардын ыңгайлуулугу жана калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу кызматы иштеп жатат.

Эскерте кетсек, аймактар ​​аралык башкармалык дем алыш күндөрү иштейт.

Бөлүмдүн иши тууралуу кошумча маалыматты 0312 46-39-10 телефон номуру аркылуу тактасаңыз болот.

Связанный пост