Ленин райондук ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар Департаменти менен биргеликте “Ош базары” жана “Берекет универсал” соода борборлорунун аймагында мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө департаменттин кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан 5 […]Читать далее
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн КР УКМКнын […]Читать далее
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору Евлашков Дмитрий Владимирович менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Д.Орунбеков социалдык баракчасына жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө медиаталаасында өз ара аракеттенүү, ар кыл багыттагы темаларды чагылдырууну кызматташуу маселелери талкууланды. “Кесиптешибиз Дмитрий Владимирович ошону менен бирге бир катар маданий багыттагы конкреттүү сунуштарын берип, өз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 19-январында кабыл алынган жана КРнын Президенти тарабынан 2023-жылдын 9-мартында кол коюлган «Нотариат жөнүндө» КРнын Мыйзамы күчүнө кирди. Бул Мыйзам калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, калктын нотариуска болгон ишенимин бекемдөөгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган. Мыйзамдын негизги жаңылыктары болуп КРнын Нотариалдык палатасын жеке […]Читать далее
Тагаев Мураталы Абдыкарович Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 116 731,8 миң сом каралат. Алар: – Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом; – Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом; – ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом; – Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – […]Читать далее
КР ӨКМ пресс-борбору билдиргендей, 30-март күнү Ленин районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана ШТАБ тартылган. Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, саат 20:08де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн. Жабыргакандар жок. Өрттүн […]Читать далее
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Ж-Э” ЖЧКсы […]Читать далее
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу, 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөөрүн маалымдайт. Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө. […]Читать далее